ОшМПУ Эл аралык көз карандысыз аккредитациядан өтүп жатат
10-12-декабрь күндөрү Эл аралык НААР агенттигинин (Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги, Казакстан) эксперттик комиссиясы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жогорку билим берүү боюнча бир нече багыттарын аккредитациядан өткөрүүдө.
Аккредитация төмөндөгу багыттар боюнча жүрүп жатат:
• 550100 – табигый-илимий билим берүү,
• 550700 – педагогика,
• 550300 – филологиялык билим берүү,
• 550200 – физика-математикалык билим берүү.
НААРдын эксперттик комиссиясынын курамында төрага физика-математика илимдеринин доктору, профессор, НААРдын I категориядагы эксперти Куанышбек Шункеев башында турган чет элдик, улуттук эксперттер бар.
Эксперттик комиссия алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев менен жолугуп, университет тууралуу даярдалган презентациясы менен таанышты. Программага ылайык комиссия окуу жайдын ректору, проректорлору, структура жетекчилери, факультеттин декандары, профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр, студенттер менен жолугушуп, маектешүүлөрдү өткөрүшүүдө.
Бул менен бирге университеттин жалпы инфрастуктурасы, материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышып, сабактарга катышууда. Ошондой эле факультеттерде программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо жана баа берүү иштерин алып барышууда.
Казакстандык аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) Аккредиттөө боюнча КРдин атайын реестрине кирген уюм болуп эсептелет.

Add New Comment