КУЛАКТАНДЫРУУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университети 2026-2027-окуу жылы үчүн аспирантурага келишимдик негизде кабыл алууну жарыялайт
Аспирантурага төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт:
- 13.00.01 – “Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы”;
- 13.00.02 – “Окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (билимдин тармактары жана деңгээли боюнча)”;
- 13.00.08 – “Кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы”;
- 07.00.02 – “Ата Мекен тарыхы”;
- 07.00.07 – “Этнография, этнология жана антропология”;
- 25.00.36 – “Геоэкология (илимдин тармактары)”;
- 25.00.23 – “Физикалык география жана биография, топурак географиясы жана ландшафттык геохимия”;
- 03.02.08 – “Экология” (тармактар боюнча);
- 03.02.01 – “Ботаника”;
- 03.02.04 – “Зоология”;
- 10.01.01 – “Кыргыз адабияты”;
- 10.02.01 – “Кыргыз тили”;
- 10.02.06 – “Түрк тилдери”;
- 10.02.20 – “Тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими”;
Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 10-июлунан 1-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Аспирантурага тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:
- Инсандын жарандыгын тастыктоочу документ – паспорт жана анын көчүрмөсү;
- Ош МПУнун ректорунун атына, тандаган багытын көрсөтүү менен жазылган арызы;
- Жогорку кесиптик билими тууралуу адистин же магистрдин дипломунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Кадрлардын эсеби боюнча өздүк баракча (личный листок), 4×6 өлчөмүндөгү фотосүрөтү менен (1 даана); 3х4 өлчөмүндөгү фотосүрөт (2 даана);
- Эмгек китепчесинин (трудовая книжка) көчүрмөсү;
- Жарыяланган илимий эмгектеринин, ойлоп табууларынын (болгон учурда) тизмеси;
- Илимий жетекчинин аспирантка жетекчилик кылууга макулдугу;
- Аспирантурага иштеген жеринен мүнөздөмө-сунуш, факультеттин жана кафедранын протоколунан көчүрмө;
- Иштеген жеринен маалым кат (справка).
Аспирантурага төмөнкү предметтер боюнча кирүү сынактарын тапшырышат:
- адис же магистр үчүн колдонулуудагы программанын көлөмүндө атайын (адистик) предметтен;
- ЖОЖ же илимий уюм тарабынан аныкталган чет тили (англис тили);
- Илимдин тарыхы жана философиясы;
- Кыргыз тили.
Кошумча маалымат алуу үчүн ОшМПУнун аспирантура жана магистратура бөлүмүнө кайрылыныздар, 111-кана
Тел.: +996 3222 -4-35-67, (факс) 43567. Моб. тел.: 0777 53 94 79
E-mail: sagynbaykyzy@mail.ru Сайт: www.ogpi.kg
Comments
Башталгыч класстарга билим беруу боюнча
Add New Comment