ОшМПУнун окутуучусу П.Садирова 7 дубанда мастер-класс өтүп келди
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин окутуучусу Садирова Паридахан Асановна ОшМПУнун 100жылдык маарекесине карата «Жети дубан – жетимиш өнөр» долбоорунун негизинде көркөм өнөр жана технология дисциплиналары боюнча мастер-класс уюштурду.