ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ТАРЫХЫ

       1993-жылы келишимдик бөлүмдүн базасында “Дене тарбия мугалими” адистигине келишимдик негизде бир тайпа  студенттерди кабыл алып, орто кесиптик билимдеги адистерди даярдай баштаган.

       1994-жылы мектепке чейинки бөлүмдүн базасында “Дене тарбия мугалими” адистигине бюджеттик негизде бир тайпа кабыл алынып, студенттер сандык жана сапаттык жактан көбөйө баштаган.

Окуу мөөнөтүнүн ичинде дене тарбия боюнча зарыл болгон билимдерди алат жана дене сапаттарын  өнүктүрүү менен спорттук машыгуулар өткөрүлүп, спорттун түрлөрүнүн ыкмалары менен куралдандырылат.

1997-1998-окуу жылында келишимдик негизде биринчи жолу “Дене маданияты” адистигине бир тайпа кабыл алынып, төрт жылдык мөөнөттө жогорку билимдүү дене тарбия мугалимдерин даярдалып чыгарылган.

       1999-2000-окуу жылдары 9-класстын көлөмү менен “Дене маданияты” адистигине бюджеттик негизде алгачкы ирет бир тайпа кабыл алынып, 5 жылдык мөөнөттө жогорку билимдүү дене тарбия мугалимдерин даярдоо менен кулачын кеңейткен.

       2003-жылы 24-декабрда окумуштуулар кеңешинин №2 токтомунун негизинде Дене тарбия бөлүмү өзүнчө түзүлгөн. Ал эми 2016-жылдын 15-сентябрынан тартып Дене тарбия факультети болуп өзгөргөн. Факультетте жогорку билимүү адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү илим жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан берилген, ал №288  №2 тиркеме мамлекеттик лицензиясынын негизинде жүргүзүлөт.

 

                         БӨЛҮМДҮ ЖАНА ФАКУЛЬТЕТТИ ЖЕТЕКТЕГЕНДЕР:

1993-жылдын августунан 2004-жылдын сентябрына чейин  Мурзаш  Жумабаев.

2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын декабрына чейин Турдаалы  Жалалов.

2005-жылдын декабрь айынан баштап 2011-жылдын сентябрына чейин Мамытов Кубанычбек Аипович.

2011-жылдан 2017-жылга чейин  Мурзаш  Жумабаев жетектеген.

2017-жылдын март айынан 2022-жылдын апрель айына чейин Мамытов Кубанычбек Аипович жетектеген.

2022-жылдын апрель айынан баштап Капаров Абдувахап Шардаевич жетектеп келүүдө.

 

                                     Дене тарбия факультетинин курамы

  1. Факультеттин деканы Капаров Абдувахап Шардаевич –Мас-Рестлинг боюнча эл аралык даражадагы калыс
  2. Моомбеков Сапарбек Топчубекович – окуу иштери боюнча декандын орун басары
  3. Каратаев Урматбек Базарбекович – тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  4.  Жумабаев Мурзаш – илимий иштер боюнча декандын орун басары
  5. Ниязова Айсалкын Табалдыевна факультеттин методисти

 

Дене тарбия факультетинде эки “Дене маданиятынын назарияты  жана усулдук негиздери” жана “Дене тарбия жана спорт”  кафедралары бар

Дене маданиятынын назарияты жана усулдук негиздери кафедрасынын курамы

Орозматов Мирадилбек Абдырайманович кафедра башчысы,  волейбол боюнча спорт чеберлигине талапкер

Факультеттин деканы Капаров Абдувахап Шардаевич –Мас-Рестлинг боюнча эл    аралык даражадагы калыс

Жумабаев Мурзаш – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы

Мамытов Кубанычбек Аипович – спорт чебери

Матеипов Дурсунбек Маматович  ага окутуучу

Эрбатыров Болот Атканович тогуз коргоол оюну боюнча жогорку даражадагы   калыс

Каратаев Урматбек Базарбекович  волейбол боюнча спорт чеберлигине талапкер

Керимбаев Адем Нурланович кафедранын усулчусу

 

“Дене тарбия жана спорт” кафедрасы

Осмоналиев Данияр Борончуевич кафедра башчысы,   волейбол боюнча спорт чеберлигине талапкер.

Жалалова Орозгүл Тиленчиевна ага окутуучу эл агартуунун мыктысы

Гедейбаев Жакып  Абдумаликович окутуучу   эл агартуунун мыктысы

Кудайкулов Капарбек Пирматович окутуучу дене тарбиянын  мыктысы

Мамажанов Ёкубжон Нажимидинович волейбол боюнча спорт чеберлигине талапкер.

Кадымаев Жолдошбек  Исмаилович  окутуучу грек рим күрөшү боюнча спорт чеберлигине талапкер

Эсенбек уулу Баяман кулатуу боюнча спорт чебери

Омурбек кызы Айымкан окутуучу волейбол боюнча спорт чебери .

Абдуманап кызы Тазагүл кафедранын усулчусу

 

Биздин жетишкендиктер

Дене тарбия адистиги ачылгандан бери 300 дөн ашуун орто кесиптик адистерди,  3000 ден ашуун  жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарууга жетише алды. Бул бүтүрүүчүлөрүбүз Республиканын булуң бурчтарында  мугалим, бири машыктыруучу, бири Кыргыз армиясында кызмат өтөсө, дагы бири ички иштер бөлүмүндө, улуттук коопсуздук органдарында эмгектенишүүдө.  Алардын айрымдары машыктыруучу болсо айрымдары спорт Кыргыз Республикасынын эмгек синирген дене тарбия жана спорт кызматкери  Кочкаров Б.З. Волейбол боюнча КР спорт чебери жана эмгек синирген машыктыруучу  Алиев Б.М. Оор атлетика боюнча  Азиянын чемпиону, футбол боюнча КР спорт чебери  Курманаева З.М., волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эргеш уулу Медетбек, Омурбек кызы Айымкан ж.б. эмгектенип келүүдө.

 

Дене тарбия факультетине акыркы 5 жыл аралыгында кабыл алынган жана бүтүргөн студенттердин саны

 

 

 

  Дене маданиятынын назарияты жана усулдук негиздери кафедрасынын окутуучусу Жумабаев Мурзаш агайга Ош облусунун ардактуу атуулу  наамы ыйгарылды

 

Волейбол боюнча ЖОЖдор аралык Ден соолук спартакиадасында 45 жаштан жогорку курактагы агайлар  арасында чемпион аталышты  2025ж

 

 Стритбол боюнча Ден соолук спарткаиадасында  2-орунду камсыздашты  2025ж

 

 

 Дтдз -1-22 тайпасынын студенти Абдувахап уулу Асан Кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды 2024ж

 

 

Тогуз коргоол боюнча  ЖОЖдор арасында ОшМПУнун командасы биринчи орунду камсыздашты 2025ж

 

Дт-1-23  тайпасынын студенти Темиралы уулу Бекназар ЖОЖдор аралык универсиаданын чемпиону 2025ж

 

Волейбол боюнча балдар курама командасы ЖОЖдор аралык универсиаданын жогорку лигасынын чемпиондору

 

 

 

Волейбол боюнча кыздар курама командасы ЖОЖдор аралык универсиаданын жогорку лигасынын катышуучулары

 

 

 

 

 

 

Адистиктерге кабыл алынган жана бүтүрүүчү студенттер жөнүндө маалымат

 

 

2021-2022

2022 – 2023-окуу жылы

2023 – 2024-окуу жылы

2024 – 2025-окуу жылы

 

Студенттердин саны

Студенттердин саны

Кабыл алуу

Студенттердин саны

Кабыл алуу

Студенттердин саны

 
 

 

Күндүзгү

Сырттан

Бүтүрүүчү

анын ичиен артыкчылык

Кабыл алуу

Күндүзгү

Сырттан

Бүтүрүүчү

Күндүзгү

Сырттан

Бүтүрүүчү

 

Күндүзгү

Сырттан

Бүтүрүүчү

   
 

Бакалавриат

 

 1057

 59

998

160 

 

518

61

457

122

437

61

376

178

 

372

62

310

168

- 

 

Жалпы:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

              

 

Азыркы учурда  Дене  тарбия  факультетинин   «Дене  тарбия жана  спорт»  адистигинин  күндүзгү  окуу формасында 127 студент алардын ичинен 48 студент бюджеттик, 79 студент келишимдик негизде, ал эми сырттан окуу  сырттан окуу