БӨЛҮМ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү алгач А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2017-2018-окуу жылынын ноябрь айында “Билим берүүнүн сапаты бөлүмү” болуп  түзүлүп, иштеп баштаган. Кийин 2021-2022-окуу жылында Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ректордун буйругуна ылайык (Буйрук №07.01.20. 13.12.2021-жыл) “Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү” болуп кайрадан түзүлгөн. Бөлүмдө бүгүнкү күндө 2 адам эмгектенип, бөлүмдү башкы адис Нажимидинов Уланбек Байышович жетектеп келет.

Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү түзүлгөн күндөн баштап университеттеги бардык адистиктерди КРдин “Билим берүү мыйзамына” ылайык  аккредитациядан өткөрүүгө жардам берүү кызматын аткарып келе жатат.  Ошондой эле  бөлүмдүн иш-аракетин жөнгө салуучу “А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин аккредитация жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү жөнүндөгү жобо” кабыл алынып, анын  негизинде төмөндөгүдөй иш-аракеттерди аткаруу милдети тагылган.

  1. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо механизми катары университеттин билим берүү системасын түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү;
  2. Жогорку билимдүү адистерди даярдоонун сапатын камсыздоо, университеттин  рейтингин жогорулатууда, коомчулуктагы аброюн өстүрүүдө мамлекеттик жана эл аралык комплекстик баалоодон ийгиликтүү өтүүгө даярдоо.

Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча атайын орто жана жогорку кесиптик билим берүүдөгү адистиктердин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү боюнча сапат кепилдигин камсыздаган укуктук, илимий-усулдук документтерди даярдоодо бөлүмдүн иш-аракети артып, кеңеш берүүчү, багыт көрсөтүүчү кызматты аткарып келишет. Ошондой эле аккредитациядан өткөндөн кийинки этапта көз карандысыз агенттиктер тарабынан сунушталган сын-пикирлер, сунуштарды ишке ашырууда да билим берүү программаларынын перспективалык пландарына ылайык аткарылуу деңгээлин көзөмөлдөө менен багыт берип келет. Университеттин базасында жаш окутуучуларга, тиешелүү структуралык бөлүм кызматкерлерине усулдук жактан жардам берүү максатында ар түрдүү багыттагы окуу-усулдук семинарлар уюштурулуп келет.

         Учурда заманбап эмгек рыногунун талаптарын, стейкхолдерлер менен иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүн жана чет элдик ЖОЖдордун алдыңкы тажрыйбаларын эске алуу менен билим берүү программаларынын мазмунуна, преспективалык пландарына жаңы багыттарды, иш-аракеттерди киргизүү жүргүзүлүүдө. Мындай аракеттер университеттин коомчулуктагы күчтүү атаандаштыкка туруштук беришине, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда академиялык эркиндикке, акыйкаттуулукка жетишүүгө өз таасирин тийгизет.