ДЕПАРТАМЕНТ ЖӨНҮНДӨ
Университеттин тышкы байланыштар жана инвестиция департаменти – жогорку окуу жайдын эл аралык деңгээлдеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги түзүмдөрдүн бири болуп саналат. Бул департаменттин негизги максаты – университеттин эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланышына, өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзүү. Тышкы байланыштар жана инвестиция департаментин экономика илимдеринин кандидаты, доцент Субанов Турсун Тажибаевич жетектейт.
Департаменттин ишмердүүлүгү бир нече негизги багыттарга топтолгон. Биринчиден, дүйнөнүн алдыңкы университеттери, илимий борборлору жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык мамилелерди орнотуу жана өнүктүрүү. Бул багытта ар кандай эки тараптуу келишимдер, меморандумдар түзүлүп, академиялык мобилдүүлүк программалары, студенттик алмашуу долбоорлору жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусу ишке ашырылат.
Экинчиден, департамент университеттин эл аралык рейтингдердеги позициясын жогорулатуу үчүн атайын долбоорлорду иштеп чыгып, аткарууну көзөмөлдөйт. Бул иш-аракеттер аркылуу университеттин илимий-изилдөө натыйжалары, профессордук-окутуучулар жамаатынын эмгектери жана студенттердин жетишкендиктери дүйнөлүк деңгээлде таанытылат.
Үчүнчүдөн, инвестиция тартуу багытында департамент демөөрчүлөрдү, ишкерлерди жана ар кандай фонддорду чакырып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Мисалы, жаңы окуу корпустарын куруу, илимий лабораторияларды жабдуу, студенттик инновациялык борборлорду ачуу сыяктуу маанилүү иштерде чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлор менен кызматташтык жүргүзүлөт.
Тышкы байланыштар жана инвестиция департаменти тарабынан бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын бир нече жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташтык ишке ашырылып, үзгүлтүксүз илимий-практикалык конференциялар, студенттердин олимпиадалары, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу иш-аракеттери жүргузүлүп келүүдө. Мындан тышкары департамент университеттин имиджин көтөрүүгө багытталган маданий, илимий жана социалдык иш-чараларды уюштурат. Эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарлар аркылуу студенттер менен окутуучуларга дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
ДЕПАРТАМЕНТТИН МИЛДЕТТЕРИ
А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Тышкы байланыштар жана инвестициялар департаменти окуу жайдын структуралык бөлүмү катары функционалдык милдеттеринде Уставдын негизинде төмөнкүлөр каралган:
- жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү жаатында иштеген чет өлкөлүк уюмдары менен тышкы кызматташтыгын өнүктүрүү;
- окуу жайдын эл аралык кызматташтык пландарын жана программаларьш иштеп чыгууга катышуу;
- чет өлкөлүк окуу жайлар жана алардын жарандары менен жекече келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын чегинде түзүү;
- билим берүү, окуу-усулдук жана илимий - усулдук багыттарындагы биргелешкен эл аралык долбоорлорду жана программаларды аткаруу менен ЖОЖдор аралык мамилелерди ишке ашыруу.