Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 2022-2026-жылдарга карата өнүгүү стратегиясы

Ош МПУнун өнүгүү стратегиясы университетти коомдун өнүгүүсүнүн жаңы шарттарына модернизациялоого жана санариптик трансформациялоо менен Кыргызстандын билим берүү тармагынын системалуу өнүгүүсүнө багытталган:

  • Студенттер үчүн: мезгилдин чакырыктарына жооп берген, компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо. Ар кандай социалдык-маданий тажрыйбаларды интеграциялоонун, анын ичинде билим берүүнүн алкагында алынган тажрыйбаны чагылдыруунун негизинде өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
  • Мугалимдер үчүн: кесиптик байланыштар чөйрөсүн  кеңейтүү жана илимий-чыгармачылык жана карьералык өсүүсү камсыздоо;
  • Мамлекет үчүн: Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу. Өлкөнүн социалдык –экономикалык абалынын жакшырышына көмөк көрсөтүп, билимдүү коомду түзүү