ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА БӨЛҮМҮ
Университеттеги өндүрүштүк практика бөлүмү – студенттердин кесиптик даярдыгынын сапатын камсыздоодо өзгөчө орунду ээлеген түзүмдөрдүн бири. Бул бөлүмдүн негизги багыты – студенттерди теориялык билимден практикалык көндүмдөргө өткөрүү, аларды чыныгы билим берүү чөйрөсүндө иштөөгө даярдоо жана педагогикалык ишмердиктин өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Учурда бөлүмдү педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Байышова Гүлайым Жакишевна жетектейт.
Өндүрүштүк практика бөлүмү студенттердин педагогикалык практикаларды белгиленген мөөнөттө, сапаттуу жана үзгүлтүксүз өтөөсүн уюштурат. Ал үчүн билим берүү уюмдары, мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлөт. Бөлүм практиканы уюштурууда керектүү документтерди даярдап, жетекчилерди жана практиканын жүрүшүн көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, студенттердин практикалык иштери боюнча отчетторун кабыл алып, алардын сапатын талдап чыгат. Азыркы күндө Ош МПУ менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жана жакынкы райондордогу 70 жакын мектеп, 40тан ашуун мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана башка социалдык фонддор, жеке иш каналар, өнөктөштөр менен эки тараптуу келишимдин негизинде студенттерди практикага жиберип турат.
Университеттин билим берүү программаларынын мазмунуна жараша талап кылынган практикалардын натыйжалуулугун арттыруу максатында бөлүм тарабынан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет. Алсак, практикант студенттердин сапаттык көрсөткүчүн аныктоо максатында ар түрдүү сынактар, практиканын түрүнө жараша көрсөтмө берүүчү конференциялар, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштырууга арналган иш берүүчүлөр менен болгон жыйындар уюштурулуп келет.
Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн ишмердиги университеттеги билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө чоң салым кошот. Себеби дал ушул практикалык даярдык аркылуу студенттер кесиптик компетенцияларын арттырып, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл жана сапаттуу билим берүүчү адистер катары калыптанат. Демек, бул бөлүм – университеттин миссиясын ишке ашыруудагы негизги көпүрөлөрдүн бири болуп саналат.