Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан А.Ж. Мырсабеков атынындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтуна Аспирантура бөлүмүн ачуу жөнүндө 2017-жылдын 12-май күнү №582/1 буйругу чыккан. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында жана 1995-жылдын 9-ноябрындагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын № 8/с/с-3/2 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндөгү Жобонун 35-пунктуна ылайык аспирантура бөлүмү ачылган.
Учурда А. Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети илимий педагогикалык кадрларды даярдоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө жобосуна ылайык иш алып барат.
Аспирантурада 2024-жылдын 21-февралда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №268/1 буйругунун негизинде төмөндөгү илимий адистиктерге билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укук берилген:
- 13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
- 13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу (билим берүүнүн деңгээли жана тармагы боюнча);
- 13.00.08 –Кесиптик билими берүүнүн теориясы жана усулу;
- 10.02.01– Кыргыз тили;
- 10.01.01. – Кыргыз адабияты;
- 10.02.20 – Салыштырма-тарыхый, типологиялык жана тектештирме тил илимдери;
- 10.02.06 – Түрк тилдер;
- 03.02.01 –Ботаника;
- 03.02.04 – Зоология;
- 03.02.08 – Экология (тармактар боюнча)
- 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы;
- 07.00.07 – Этнография, этнология жана антропология;
- 25.00.36 – Геоэкология;
- 25.00.23 – Физикалык география жана биогеография, топурак географиясы жана ландшафттык геохимия.
Бүгүнкү күндө аспирантурада 63 аспирант билим алат, анын ичинен күндүзгү окуу формасында 17, сырттан окуу формасы боюнча 36 аспирант илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.