ОшМПУда илимий иштерди өнүктүрүү стратегиясынын биринчи багыты: илим сыйымдуу билим берүүнү өнүктүрүү.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин илимий-изилдөө ишинин стратегиялык максаты- инновацияларды жаратууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо аркылуу интеллектуалдык капиталды жана илим сыйымдуу билим берүүнү өнүктүрүү эсептелет.

Бул максатка жетүү үчүн университет өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди коёт:

•          Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин талап кылынган компетенцияга ээ болгон жогорку квалификациялуу кадрлар менен толтуруу;

•          Университеттин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу, дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү билимдерди жана технологияларды өндүрүү;

•          Атаандаштыкка жөндөмдүү педагогикалык кадрларды түзүү;

•          Эл аралык илимий жана билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

Коюлган милдеттерди чечүү төмөнкүлөрдү болжолдойт:

•          Ата мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы университеттердин окумуштууларын унивесритеттин окумуштуулары менен биргеликте илимий изилдөөлөргө  тартуу менен университеттин илимий жүзү жаңыланат;

•          илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндө жана эксперттик-аналитикалык иштерде мугалимдердин иш менен камсыз болушун кеңейтүүгө басым жасоо менен профессордук-окутуучулук курамды ырааттуу жаңылоо;

•          университеттин  алдыңкы окутуучулары жана окумуштуулары керектөө рыногун өнүктүрүү жана билим берүү проблемаларын изилдөө жаатында эл аралык кесиптик коомдоштуктардын, ассоциациялардын жана союздардын активдүү катышуучуларына айланууга тийиш;

•          чет өлкөлүк университеттер жана илимий борборлор, илимий басылмалар, компаниялар, эл аралык уюмдар менен сапаттуу жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү. Биргелешкен онлайн журналдарды басып чыгарууга, университет  үчүн адистештирилген билим чөйрөсүндө биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт;

•          профессордук-окутуучулук курамдын изилдөө иштерин илимий фонддордун, министрликтердин, эл аралык уюмдардын конкурстарына, гранттарды алууга  катышуусу жогорулайт.

 

ОшМПУда илимий иштерди өнүктүрүү стратегиясынын экинчи багыты: илимий педагогикалык кадрларды даярдоо

Ош мамлекеттик педагогикалык университети Болон процессинин алкагында жогорку билим берүүнүн үчүнчү деңгээли катары аспирантуранын өнүгүшүнө комплекстүү талдоо жүргүзүп, дүйнөнүн алдыңкы университеттердин тажрыйбаларына таянып илимий педагогикалык кадрларды даярдоонуу өнүктүрүүнү максат кылат.

Бул максатка жетүү үчүн университет өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди коёт:

•          билим берүү процессине жана билим берүү сапатына кесиптик талаптарды тактоо жана коюу;

•          илимий изилдөөлөрдү жана аспиранттарды даярдоону башкаруу системасынын сапатын өркүндөтүү;

•          дисциплиналар аралык даярдоону жана жаш окумуштуулардын илимий чөйрөгө киришин камсыз кылуу;

•          академиялык мобилдүүлүктү жана илимий коммуникацияларды өнүктүрүү;

•          диссертациялык изилдөөлөрдүн илимий деңгээлин жогорулатуу;

•          диссертациялык изилдөөлөрдү каржылоону камсыз кылуу.

Коюлган милдеттерди чечүү төмөнкүлөрдү болжолдойт:

•          окутуунун натыйжалуулугуна жана сапатына мониторинг жүргүзүү системасы ишке кирет;

•          аспиранттарды ири илимий долбоорлорду ишке ашырган илимий топторго киргизүү ишке ашат;

•          аспиранттардын кесиптик жана универсалдуу компетенттүүлүгү өнүгөт

•          дүйнөнүн алдыңкы илимий билим берүү борборлорунда аспиранттарды даярдоо программаларына катышат

 

ОшМПУда илимий иштерди өнүктүрүү стратегиясынын үчүнчү  багыты:  илимди колдонмо изилдөөлөргө  багыттоо.

Коомдогу жашоо муктаждыктары илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын ишке ашырууга түрткү болот. Кандай гана илим болбосун параллелдүү эки багыт кошо жүрөт: объективдүү болумуш жана бул болумушту практикада колдонуу. Ошондуктан, изилдөөлөр эксперименталдык-теориялык  жана колдонмо изилдөөлөр болуп эки багытта жүргүзүлөт.

Педагогика илиминде предметтин кош бирдиги, бир жагынан, билим берүүнүн коомдук кубулушун изилдеп, экинчи жагынан, билим берүү, тарбиялоо жана окутуу маселелерин чечип жаткандыгы менен аныкталат. Коомдук турмуш жана практика прикладдык изилдөөлөрдү: педагогикалык процессти илимий жактан уюштурууну, балдарды тарбиялоону жана алардын кулк-мүнөзүн калыптандырууну талап кылат. Демек, элдик билим берүү системасын жана мектептин жашоосун уюштуруу үчүн прикладдык илимдер пайда болот. Педагогика илиминде прикладдык жана фундаменталдык предметтердин ортосунда биримдик болушу зарыл.

Бул максатка жетүү үчүн университет өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди коёт:

•          ОшМПУдагы салттуу жана жаңы багыттагы илимий изилдөөлөрдү (фундаменталдык жана прикладдык) жана иштеп чыгууларды өнүктүрүү;

•          Университеттин окумуштуулары тарабынан изилденген ачылыштарды тиешелүү адистиктердин окуу программаларына киргизүү;

Коюлган милдеттерди чечүү төмөнкүлөрдү болжолдойт

•          Илим адамга түздөн-түз билим берүү аркылуу таасир этет. Илимий эмгектерди жана жетишкендиктерди изилдөө балдардын өнүгүүсүнө, алардын билимдүү инсан катары калыптанышына өбөлгө түзөт. Заманбап билим берүү процессинин негизин дүйнөнүн илимий сүрөтү түзөт жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсү илимий сунушталган методикаларга таянат;

•          ОшМПУнун окумуштууларынын ачылыштары окуу пландарынын вариативдик бөлүмүндөгү предметтердин программаларында окутулат;

 

ОшМПУда илимий иштерди өнүктүрүү стратегиясынын төртүнчү  багыты: изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн сапатын жана илимий иштердин натыйжаларынын жакшыртуу

Албетте, илим-коомдун маданиятынын эң маанилүү формаларынын бири, ал эми аны өнүктүрүү - адамдын жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүн жаңылоонун маанилүү фактору. Заманбап илим адамдын дүйнө таанымын калыптандырат, техникалык прогресс менен тыгыз байланышта, коомдун өнүгүү божомолун түзүүгө жана программаларды иштеп чыгууга, адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн сапатын жана илимий иштердин натыйжаларынын жакшыртууга жетүү үчүн университет өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди коёт:

•          Профессордук-окутуучулук курамдын  илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын эл аралык илимий-метрикалык маалымат базаларында же Web of Science, Scopus жана ушул сыяктуу «дүйнөлүк цитата индекстеринде» индексацияланган абройлуу ата-мекендик жана чет элдик журналдардан чыгаруу;

•          “ОшМПУ жарчысы” илимий методикалык журналдын рейтингин көтөрүү, Web of Science, Scopus базаларына кошулуу;

•          РИНЦ, Web of Science, Scopus базаларынан жарыка чыккан илимий макалалардын таасирин көзөмөлдөө

Коюлган милдеттерди чечүү төмөнкүлөрдү болжолдойт

•          Университеттин профессордук-окутуучулук курамынын илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары эл аралык илимий-метрикалык маалымат базаларында же Web of Science, Scopus жана ушул сыяктуу «дүйнөлүк цитата индекстеринде» индексацияланган абройлуу ата-мекендик жана чет элдик журналдардан жарыка чыгат;

•          Профессордук-окутуучулук курам тарабынан эл аралык илимий-метрикалык маалымат базаларында жарыяланган илимий  изилдөөлөрдүн натыйжалары кесипкөй коомчулукка тийгизген таасири берилген шилтемелер аркылуу өлчөнөт;

•          5 жыл аралыгында “ОшМПУ жарчысы” илимий методикалык журналдын рейтинги жогорулайт.

ОшМПУда илимий иштерди өнүктүрүү стратегиясынын бешинчи  багыты: креативдүү лабораторияларды, стартаптарды, илимий жана инновациялык борборлорду түзүү

Бүгүнкү күндө инновациялар бүткүл дүйнө жүзү боюнча жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат.Заманбап бизнес барган сайын технологиялык өнүгүүлөргө жана илимий ачылыштарга негизделип, ал эми илимпоздор инвестициялык компанияларга иштеп же өздөрүнүн стартаптарын иштетип жатат. Айрыкча биздин өлкөдө илим ишкердүүлүккө ыктап жаткан учуру.

Ош мамлекеттик педагогикалык университети студенттердин, магистранттардын жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын, ойлоп табууларын ишке ашырууга каржылоону жана жагымдуу шарттарды түзүүнүн максат кылат.

Бул максатка жетүү үчүн университет өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди коёт:

•          Университетте жаңы заманбап лабораторияларды ачуу, инновациялык технологияларды сатып алуу;

•          Университетте  бизнес долбоорлор борборун түзүү;

•          студенттердин жана жаш окумуштуулардын ишкердик активдүүлүгүн өнүктүрүү, алардын илимий демилгелерин апробациялоого көмөк көрсөтүү;

•          илимий изилдөөнү талап кылган өндүрүмдү же технологияларды түзүү, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине студенттер менен жаш окумуштууларды тартуу;

•          ишкердик иш, инвестициялык университеттар жана мамлекет менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча студенттердин теориялык билим деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу;

•          университеттин, шаардын, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн келечектүү болгон ишкердик долбоорлорду түзүү.

Коюлган милдеттерди чечүү төмөнкүлөрдү болжолдойт

•          Инновациялык технологиялар жождун илимий-изилдөө иштерин, илимий долбоорлорду жана илимий иш-чараларын аткаруу үчүн базалык платформалар болуп саналат. Заманбап лабораторияларды ата мекендик жана чет элдикалдыңкы окумуштуулар менен биргеликте илимий изилдөөлөр ишке ашат;

•          Бизнес долбоорлор борборунда ар бир окуу жылында  ондогон бизнес долбоорлор ишке ашат.

•          Студенттер менен жаш окумуштуулардын инновациялык жана ишкердик демилгелери ишке аша баштайт, атаандаштыкка жөндөмдүү инсан тарбияланат;

•          Социалдык жоопкерчиликти жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт;

•          Билим берүү, илим жана инновация тармагындагы эл аралык долбоорлорго катышуу ишке ашат.