ОшМПУда илимий изилдөө иштеринин өнүгүүсү
Ош мамлекеттик педагогикалык университети акыркы жылдары илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү, академиялык потенциалды жогорулатуу жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу бағытында бир катар системалуу иштерди жүргүзүүдө. Университетте фундаменталдык жана колдонмо багыттагы изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, профессор-окутуучулар курамы, магистранттар жана студенттер үчүн илимий ишмердүүлүккө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.
Университеттеги негизги илимий багыттар жана приоритеттер
ОшМПУ төмөнкү негизги илимий багыттарды өнүктүрүп келет:
- педагогика, психология жана билим берүүнүн инновациялык технологиялары;
- лингвистика жана филологиялык изилдөөлөр;
- тарых, маданият жана этнопедагогика;
- жаратылыш таануу, биология, химия жана экология;
- искусство таануу, музыка, элдик чыгармачылык жана маданий мурас;
- цифралык трансформация жана IT-компетенциялар.
Илимий ишмердүүлүктүн негизги формалары
- жыл сайын өткөрүлгөн студенттик илимий конференциялар;
- магистранттар үчүн илимий семинарлар жана аттестациялык жолугушуулар;
- кафедралык жана факультеттик деңгээлдеги илимий кружоктор;
- окутуучулардын монография, окуу куралы, илимий макала түрүндө чыгарган эмгектери;
- эл аралык жана республикалык конференцияларга активдүү катышуу;
- илимий журналдарда жана Scopus/Web of Science базаларындагы басылмаларда жарыялануулар.
Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 6 факультет, 1 колледж бөлүмү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Кадрлардын илимий жана башка көрсөткүчтөрү
Кадрлардын потенциалы
2021-2024-жылдардын аралыгында илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон штаттык окутуучулардын сандык көрсөткүчүнүн өсүү динамикасы төмөнкү диаграммада берилди.
Штаттагы илимдин кандидаттарынын көрсөткүчү (2021-2024-жылдар)
Жарыяланган макалалардын факультеттер боюнча эки жылдык салыштыруусу