БӨЛҮМ БОЮНЧА...
ОшМПУнун Коомчулук менен байланыш бөлүмүнө “Мурас” телестудиясы, “СТУД.kg” гезити жана басма сөз кызматы кирет.
Коомчулук менен байланыш бөлүмү окуу жайдын ишмердүүлүгүн коомчулукка жайылтуу максатында 2021-жылдын 8-декабрындагы Окумуштуулар кеңешинин №2 протоколуна ылайык № 07-01. 19 § 4 буйругунун негизинде түзүлгөн.
Аталган бөлүм университеттин маалымат саясатын жүргүзүү менен коомчулукка окуу жайдагы болуп жаткан билим берүү багытындагы иш чаралардын жүрүшүн чагылдырып көрсөтөт. ОшМПУнун фото, видео архивин көзөмөлдөйт. Окуу жайдагы журналистикага, операторлукка кызыккан студенттерди медиа тармакка аралаштырып, алар менен бирге иш алып барат. Ошондой эле университеттин социалдык баракчаларын (facebook - Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Instagram- oshmpu_official, telegram - ОшМПУ жаңылыктары, You tube – oshmpu) жүргүзөт.
БӨЛҮМДҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
“Мурас” телестудиясы
“Мурас” телестудиясы 2013-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев тарабынан ачылган.
Телестудия окуу жайдын студенттеринин суроо-талабы менен ачылып, ал журналистикага кызыккан таланттуу студенттерди колдоо, билим берүү, маданият, спорт жана искусство багытындагы маалыматтарды телекөрүүчүлөргө тартуулоо болуп саналат. Бул менен бирге жаштарга пайдалуу, тарбиялык маанидеги түрдүү программалар тартылып, чагылдырылат.
Жанылыктар программасы – окуу жайдагы бардык иш-чаралар фото жана видеого тартылып, кабарчылар тарабынан сюжеттер даярдалып эфирге берилет. Ар бир эфир ОшМПУнун YouTube баракчасынан жана ОшТВ, УТРК Ош (Ынтымак), ТМ телеканалдарына көрсөтүлөт.
Кеп-куржун маеги – бул мугалимдерге жана болочок педагогдорго арналган берүү. Мында кыргыз элинин белгилүү инсандары, агартуу айдыңынын чыгаан педагогдору конокко чакырылып, алар менен түрдүү багытта маек курулат.
Кызык info рубрикасы – бул берүүдө дүйнөдөгү актуалдуу, таң калыштуу жана кызыктуу темалар баяндалат. Жаңы ачылыштар, технологиялар жана билим берүүгө багытталган өзгөчө өңүттөгү маалыматтар берилет.
Сиз билесизби? түрмөгү – студенттерден жана окутуучулардан түрдүү темада сурамжылоо жүргүзүлөт. Факты маалыматтар такталып же логикалык суроолорго жооп изделип, алардын билим деңгээлин, ой жүгүртүүсү сынга алынат.
Доор инсаны – өрнөктүү өмүр ээси болгон инсандардын басып өткөн жолун, эмгегин жана изги ийгиликтерин чагылдырган видеотасма. Мында кыргыз элин дүйнөгө тааныткан белгилүүлөр, тарыхта аты калган улуу инсандар камтылат.
Чебер берүүсү – кыргыздын көнө сөздөрүн, карт тарыхын, салт- санаасын камтыган кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар түрмөгү. Берүүдө улуттук нарк-насилдер, улуттук кийимдер, тамак-аштар, оюндар сыяктуу кыргыз элине гана тиешелүү баалуулуктар чагылдырылат.
Студ-маек – бул берүүдө окуу жайдын эң алдыңкы, таланттуу студенттери менен маек жүргүзүлөт. Окуу менен бирге ар кандай долбоорлорду ишке ашырып, өз өнөрлөрүн өркүндөтгөн, көп тил билген жана максаттуу келечекке умтулган жаштарды каарман катары тандап алып, коомчулукка тааныштырабыз.
Мурас кербени – педагогикалык ишмердүүлүктү коомчулукка жайылтуу максатында алыскы аймактарды аралап, окуу жайды таанытуу менен бирге элет жериндеги мугалимдердин турмушу чагылдырылат.
“СТУД.kg” гезити
Студ. kg гезити – студенттердин коомдук маданий гезити. Ал 8 беттен туруп, түстүү чыгат жана студенттер үчүн акысыз таратылат. Гезитке университеттеги жаңылыктар, маданий иш чаралар, калемгер окутуучулардын жана студенттердин чыгармалары чыгарылат. Окуу жайдагы маанилүү жарыялар, кулактандыруулар жайгаштырылат жана сынактардын жоболору илинет.
Басма сөз кызматы – ОшМПУнун басма сөз кызматы массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышты камсыздар, университет жөнүндө маалыматтарды даярдап, таратат. Учурда ОшМПУнун басма сөз кызматы Республикалык жана аймактык бардык массалык маалымат каражаттарынын түрлөрү менен кызматташып иш алып барат. Ошондой эле окуу жайдагы бардык жаңылыктардын социалдык тармактарга, университеттин сайтына жайгаштырууну көзөмөлдөйт.
Бөлүмдүн курамы
Мамасалиева Кулпунай Абдылдаевна – Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы
Сагынбек кызы Айданек – ОшМПУнун Пресс-катчысы
Курсанбек уулу Эрнис – Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн оператор-монтажеру
Айсезим Калыбаева - Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн диктор-корреспонденти
Закиров Нурислам - Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн фотографы