Студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр

Университет студенттердин бардык талаптарга шайкеш келген адис болуп калыптануусун камсыздоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Алсак, жаш илим изилдөөчүлөрдүн тобу, спорттун волейбол, тогуз коргоол, теннис, бокс, күрөш түрлөрү боюнча спорттук клубдар, лабороториялар, таланттуу студенттердин “Кербен” ансамбли, “Тирек” кол өнөрчүлөр клубу,  “Нона” эстрадалык тобу, чыгармачыл жаштардын Жаратман чыгармачылык борбору, Жаштар комитети, “Ош-Жапон” борбору жана студенттердин эркин медиа борборуна айланган “Мурас” телестудиясы жигердүү кызмат көрсөтүп келет. Ишкердикке кызыккан жаш стартаперлердин тобун түзгөн “Бизнес идеяларды ишке ашыруу” борборунда студенттер белгилүү ишкерлерден билим алышып, долбоорлорун жазып, 2000$-6000$га чейинки суммадагы гранттарды утуп алышып, өздөрүнүн жеке бизнестерин жүзөгө ашырышууда. Жыл ичинде эң мыкты окуп, коомдук иштерде активдүүлүк жараткан студенттер Президенттик стипендияга ээ болушат. Ошондой эле  жеке ишкерлер тарабынан да тандалган студенттерге 5000-10000ге чейинки стипендиялар берилет жана профессор Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин 10 000 (он миң) сомдон атуулдук стипендиасы, окуу жай тарабынан студенттик долбоорлорго 50 000-100 000ге чейинки акчалай гранттар ыйгарылса, республикалык эл аралык олимпиада, сынактардын жеңүүчүлөрүнө да белгилүү өлчөмдө сый-акылар берилип келет.  Олимпиадаларда, республикалык, эл аралык түрдүү сынактарда ийгилик жаратып, окуу жайдын намысын коргогон студенттерге беш миң сомдон 20 миң сомго чейин сый акы ыйгаруу чечими жолго коюлган.  Ошону менен бирге социалдык жардамга муктаж болгон студенттер атайын каттоого алынып, профсоюз комитети тарабынан ар бир студент материалдык жактан камсыздалып келет. Ар бир окуу жылынын жыйынтыгы менен эң мыкты  40 студент тандалып,  жайкы эс алууга окуу жайдын атайын эсебинен кыргызстандын жети дубанына жана  коңшу өлкөлөрдүн тарыхый-маданий жерлерине  саякатка жөнөтүү жөрөлгөсү да салтка айланды. Жалпысынан ОшМПУнун ар бир студенти үчүн максималдуу стимул жана колдоо көрсөтүлөт.