АДМИНИСТРАТИВДИК-ЧАРБА БӨЛҮМҮ

Административдик-чарба бөлүмү – университеттин күнүмдүк жашоосун жана ишмердигин үзгүлтүксүз камсыздоочу эң маанилүү түзүмдөрдүн бири. Бул бөлүмдүн иш-аракеттери жатакана жана окуу корпустарынын коменданттары, жууп-тазалоочулар, багбандар, усталар жана башка кызматкерлер аркылуу жүзөгө ашат. Алар билим берүү жана илимий иштердин ыңгайлуу шарттарда жүргүзүлүшү үчүн жооп беришет. Учурда аталган бөлүмдүн курамында жалпы 70тен ашык кызматкер эмгектенип, бөлүмдү чарба иштери боюнча проректор Сейдалиев Сталбек Жармаматович жетектеп келет.

Бөлүмдүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: окуу корпустарын жана жатаканаларды таза, тартиптүү абалда кармоо; аймактагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү; окуу имараттарын капиталдык жана учурдагы ремонттон өткөрүү; техникалык жабдууларды жана эмеректерди өз убагында жеткирүү жана көзөмөлдөө. Мындан сырткары, жаңы курулуш иштерин уюштуруу, материалдык-техникалык базаны кеңейтүү жана жаңылоо, инженердик системаларды тейлөө да бөлүмдүн маанилүү багыттарынын катарын түзөт.

Административдик-чарба бөлүмүнүн натыйжалуу иши университеттин жалпы аброюн арттырып, студенттер менен кызматкерлер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу шарт түзүүгө өбөлгө болот.