Маалымат технологиясы, китепкана жана электрондук башкаруу бөлүмү ОшМПУнун Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылы 8-декабрындагы №2 протоколунун негизинде (Буйрук № 07-01.19 §6) Электрондук башкаруу, мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмү болуп түзүлүп, курамынан китепкана чыгарылып, студенттердин мобилдүүлүгү жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө курамына киргизилген. Электрондук башкаруу, мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмү (мындан ары ЭБМЧБ же бөлүм) ОшМПУнун структуралык бөлүмү болуп эсептелет. ЭБМЧБ окуу жайдын маалыматтык технология каражаттарынын иштешин, AVN маалыматтык системасын, ички электрондук документ жүргүзүү, мобилдүүлүк, чет өлкөлүк студенттер менен иштөөнү ишке ашырат. Бөлүм өзүнүн ишмердүүлүгүндө КР Президентинин Указдарын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, ОшМПУнун Уставын, ушул көрсөтмө менен башка ОшМПУнун нормативдүү актыларын, ОшМПУнун ректорунун буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, ОшМПУнун Окумуштуулар кеңешинин сунуштарын, ОшМПУнун окуу-усулдук кеңешинин, окуу жайдын окуу жана илимий бөлүмдөрүнүн чечимдерин, сунуштарын жетекчиликке алат.
Бөлүмдүн максаты - окуу жайдын маалыматтык технология каражаттарынын иштешин програмалык жана техникалык жактан көзөмөлдөө, AVN маалыматтык системасынын жана ички электрондук докумен жүргүзүү системасын иштешин камсыздоо, студенттердин мобилдүүлүгү жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө иштерин уюштурууга көмөктөшүү.
Бөлүмдө төмөндөгү кызматкерлер эмгектенишет:
- Арынбаев Эралы - бөлүм башчысы
- Ысаков Токтогул –инженер-программист
- Шарапов Залкар - инженер-программист
- Агбаев Байзак - инженер-программист
- Хамидов Алишер - инженер-программист
- Арипов Мамбет - инженер-программист
- Сабирбеков Эрлан - инженер-программист
- Бактыбек кызы Айсулуу – техник оператор
- Бактыбек кызы Айзирек – техник оператор
- Калыкова Перизат – техник оператор
- Жоробаева Огулай – техник оператор
- Мажитов Оморбек – мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө адиси
- Оморова Асел– бирдиктүү терезе адиси