БӨЛҮМДҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № LE160000580 лицензиясынын негизинде 2016-жылы түзүлгөн. Бөлүм министрлик тарабынан коюлган талаптарга ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө расмий укуктуу болуп саналат.
Бөлүм төмөндөгү багыттар боюнча окуу программаларын иштеп чыгып, мугалимдердин жана абитуриенттердин коомдук-социалдык жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзуп келет:
- Экология;
- Филологиялык билим берүү (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты);
- Табигый билим берүү (биология, химия, география);
- Билим берүү менеджменти;
- Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых);
- Педагогика (мектепке чейинки билим берүү, педагогика жана окутуунун методикасы);
- Көркөм билим берүү (музыка);
- Дене тарбия.
Бөлүм төмөнкү багыттарда иш алып барат:
- Аймактардагы мугалимдердин жана тарбиячылардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
- Чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу жана коомчулукка таанытуу;
- Педагогдорду моралдык жана усулдук жактан колдоо;
- Окуучулардын билим деңгээлинин өнүгүшүнө көмөктөшүү;
- Жаштарды туура кесип тандоого багыт берүү;
- Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) сапаттуу даярдыкты камсыздоо;
- Өспүрүмдөрдү позитивдүү идеяларга жана максаттуу өнүгүүгө үндөө;
- Интеллектуалдык потенциалы жогору жаштарды колдоо.
Бөлүм ишмердүүлүгүнүн негизги бөлүгүн мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстары түзөт. Бул курстар аркылуу педагогдор 72 сааттык программалар боюнча билим деңгээлин өркүндөтүп, усулдук жана методикалык тажрыйбаларды алып, лицензияланган үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушат. Ар жыл сайын жүздөгөн мугалимдер өз кесиптик чеберчилигин жогорулатып, билим берүү тармагында жаңы ыкмаларды ийгиликтүү колдонуп келишет. Бөлүм түзүлгөндөн тарта өлкөнүн түштүк аймагындагы билим берүү мекемелери – бала бакчалар, мектептер, колледждер, лицейлер жана жогорку окуу жайлар менен тыгыз кызматташтык мамилесин түзүп, педагогдорго үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет. Бөлүмдүн демилгеси менен кеңири масштабдагы, салтка айланган «Кесибим – келечегим» аттуу форум жыл сайын төрт этапта өткөрүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөктөшүү максатында ийгиликтүү ишке ашырылууда. 2024–2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» концепциясынын негизинде жана ОшМПУнун 100 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын катарына:
- Ош, Баткен облустары жана Ош шаарынын мугалимдери үчүн «Билим берүүдөгү жаңы горизонт: мугалим жана технология» аттуу форум;
- Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө багытталган «Кесибим – келечегим» аттуу кесипке багыт берүүчү форум кирет.
Бүгүнкү күндө бөлүм үзгүлтүксүз билим берүү системасында маанилүү орду бар түзүм катары, аймактагы билим берүү сапатын жогорулатууга жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет.