АЙЫМДАР МАЙРАМЫНА КАРАТА ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
Саамалыктын башкы максаты – аялзатынын коомдогу ордун даңазалоо, алардын эмгегин баалоо жана факультеттеги айымдарга майрамдык маанай тартуулоо болду.
Кечеде студенттер тарабынан даярдалган маданий программа тартууланып, ыр-бийлер аткарылып, көркөм окуулар жана тарбиялык маанидеги сценкалар көрсөтүлдү. Ошондой эле факультеттин окутуучуларына жана студент кыздарына арналган куттуктоо сөздөр айтылып, алардын билим берүү тармагындагы эмгеги жана коомго кошкон салымы белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жылуу маанай өкүм сүрүп, аялзатына болгон терең урмат-сый жана ыраазычылык сезимдер билдирилди. Мындай салтанаттар студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана факультет жамаатынын ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө түзөт
Жаңы комментарий кошуу