АКЫН АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ ОшМПУда УСУЛДУК СЕМИНАР ӨТТҮ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде акын, котормочу Алтынбек Исмаилов “Заманбап усул – тил казынасынын ачкычы” аталышында усулдук семинар өттү.

Ага университеттин окутуучулары жана студенттери катышып, эне тилди окутуунун заманбап ыкмалары тууралуу кеңири пикир алышты. Семинар кесиптик чеберчиликти арттырууга багытталып, илимий-практикалык форматта уюштурулду.

Саамалыктын жүрүшүндө Алтынбек Исмаилов өзүнүн “Кыргыз тилин заманбап ыкмалар аркылуу үйрөнөбүз” аттуу жаңы усулдук колдонмосун тааныштырып, тил үйрөтүүдөгү натыйжалуу методдор тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле ал сабак өтүүдөгү чыгармачыл ыкмаларга, окуучунун тилге болгон кызыгуусун арттыруунун жолдоруна жана адабият аркылуу руханий тарбия берүүнүн маанисине токтолду.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар эне тилди окутуунун жаңы технологиялары, тил байлыгын сактоо жана адабияттын асылдыгын жаш муунга жеткирүүнүн заманбап усулдары боюнча тажрыйба алмашышты.

Семинар катышуучулар үчүн пайдалуу аянтча болуп, билим берүү процессинде колдонууга ылайыктуу жаңы идеялар менен толукталды. Белгилей кетсек, аталган иш-чара колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.