Адабий кече: Акын Алтынбек Исмаилов ОшМПУда

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде белгилүү акын, котормочу, Алтынбек Исмаилов менен чыгармачылык жолугушуу кечеси болуп өттү.

“Ырыстуу окурман калкым деп, ыр сунат сиздерге Алтынбек” аталышындагы бул адабий саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында уюштурулду. Иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Кечеде кыргыз поэзиясында өзүнүн терең философиясы, көркөм ой жүгүртүүсү жана мекенчил саптары менен айырмаланган акындын чыгармачылыгы тааныштырылып, анын ырлары студенттер тарабынан көркөм окулду.

Ошондой эле Алтынбек Исмаилов өзү да окурмандарга ырларын тартуулап, мекен, тил, руханий баалуулуктар тууралуу чыгармаларын көркөм айтты. Мындан сырткары дүйнөлүк адабияттан жасаган котормолорунан үзүндүлөрдү жатка айтып, поэзия сүйүүчүлөрүнө өзгөчө руханий ырахат тартуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө акын жаштар менен эркин баарлашып, чыгармачылык, китеп окуу, сөздүн күчү жана акындык тагдыр тууралуу кыскача ой бөлүштү. Акындын ырлары студенттер менен чогуу айтылып, иш-чара обондуу ырлар менен коштолду.

Кеченин соңунда уюштуруучулар тарабынан акынга ыраазычылыктар айтылып, катышуучулар жылуу пикирлерин билдиришти. Аталган адабий кече жаштар арасында поэзияга болгон кызыгууну арттыруу, мамлекеттик тилди жана улуттук адабиятты даңазалоо, ошондой эле студенттердин жан дүйнөсүн руханий жактан байытуу максатында колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.