Айтматов таануучу Лайли Үкүбаева ОшМПУда конок-лекция өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде белгилүү Айтматов таануучу, ф.и.д., профессор Лайли Үкүбаева менен жолугушуу уюштурулду.

Мында ал окутуучуларга, магистранттарга жана студенттерге алп жазуучу Айтматов жана адабият боюнча конок-лекция өтүп, саамалык катышуучулар үчүн баалуу илимий-маалыматтык аянтчага айланды.

Жолугушууда профессор Үкүбаева жазуучу Чыңгыз Айтматовду изилдөөнүн тарыхы, Айтматов таануу илиминин калыптанышы жана бул багыттагы алгачкы илимий иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Ал Кыргызстанда Айтматов таанууну илимий негизде изилдеген алгачкы окумуштуу экенин белгилеп, бүгүнкү күндөгү адабият таануу илиминин жаңы багыттары, заманбап адабий процесстеги өзгөрүүлөр жана изденүүлөр тууралуу да айтып берди.

Лекция суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар Айтматовдун чыгармачылыгы, анын философиялык образдары жана дүйнөлүк адабияттагы орду боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышты. Бул менен бирге Айтматовдун тематикасынын тереңдиги, идеясынын универсалдуулугу жана чыгармаларындагы адамдык баалуулуктар тууралуу кенен түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле студенттер профессордун ырларынан көркөм окууларды айтышты.

Эскерте кетсек, бул саамалык окуу жайдын Кыргыз-Россия факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан жаштардын адабият боюнча билим дүйнөсү кеңейип, Ч.Айтматов тууралуу дагы-да көп маалыматка ээ болуп, мыкты адис болуусуна шарт түзүү максатында уюштурулду.