ДКО-2026: ОшМПУ КЫРЧЫНДА КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫН ДАҢАЗАЛАДЫ

Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.

Бул ири эл аралык иш-чаранын алкагында улуттук өнөр, салттуу оюндар, кол өнөрчүлүк, төкмөлүк өнөр жана кыргыз элинин каада-салттары айкалышып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторго көчмөн маданияты кеңири тартууланды. Этномаданий шаарча, этнобазар жана чыгармачылык программалар Кырчын жайлоосунда өзгөчө атмосфераны түздү.

Бул тарыхый иш-чарага Ош мамлекеттик педагогикалык университети да активдүү катышты. Окуу жайыбыз Ош шаарынын жана Ош облусунун атынан Кырчын жайлоосунда өзүнүн боз үйүн тигип, улуттук баалуулуктарыбызды таанытуу менен катар, келген меймандарды кыргыздын кең пейил меймандостугу менен тосуп алды. Мындан тышкары, окуу жайдын шамдагай жигиттери ыкчам боз үй тигүү сынагына катышып, өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү.

Кырчын жайлоосундагы маданий программа кыргыз элинин тарыхын, улуттук нарк-насилин, кол өнөрчүлүгүн, улуттук даамдарын жана салттуу өнөрүн бир аянтта кеңири чагылдырды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, дүйнөнүн ар кайсы элдерин маданият аркылуу жакындаштырган маанилүү эл аралык аянтча болду.

ОшМПУ бул тарыхый иш-чарага жигердүү катышып, улуттук мурастарыбызды даңазалоого жана кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга өз салымын кошту.