ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер жана бөлүмдөр арасында “Сабактан сахнага” аттуу чыгармачыл кызматкерлердин маданий-интеллектуалдык мелдеши жарыяланат.
Иш – чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында өткөрүлөт.
Командалардын курамы:
• Ар бир факультеттен жана бөлүмдөн – 1ден команда.
• Колледжден – 2 команда.
• Курамы: 2 эжеке, 1 агай.
Мелдештин программасы жана мөөнөттөрү:
1. I БАСКЫЧ: Видео-ролик таймашы
• Тема: “Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият”.
• Мөөнөтү: 2-марттан 14-мартка чейин видеолорду тапшыруу.
• Жыйынтыктоо: 20-март, саат 13:00.
2. II БАСКЫЧ: Интеллектуалдык таймаш
• Мазмуну: Укуктук билим, логика жана онлайн Kahoot викторинасы ж.б.
• Убактысы: 26-март, саат 13:00.
• Дареги: Гуманитардык факультетинин ЧАЗы.
3. III БАСКЫЧ: ФИНАЛДЫК ТАЙМАШ
• Программада: Саламдашуу, музыкалык номер, тамаша таймашы жана өзгөчө өнөр.
• Убактысы: 8-апрель, саат 13:00.
• Дареги: ОшМПУнун ЧАЗы.
Байге фонду кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланат. Суммасы: 130 000 сом
• I ОРУН – 50 000 сом.
• II ОРУН – 30 000 сом.
• III ОРУН – 20 000 сом.
Мындан тышкары ар бир катышкан командалар, мыкты талант ээлери жана ардагер катышуучулар өзүнчө сыйланат.
Каттоо мөөнөтү: 28-февралга чейин.
Байланыш телефону: 0776 906 907.
Уюштуруучулар: ОшМПУнун Кесиптик бирлик комитети жана Коомчулук менен байланыш бөлүмү.
Жаңы комментарий кошуу