ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА КЕСИПТИК БИРЛИКТИН БЕЛЕКТЕРИ ТАРАТЫЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин кесиптик бирлик комитети тарабынан келе жаткан жаңы жыл майрамын утурлай окуу жайда эмгектенген кызматкерлердин балдарына майрамдык белектер тапшырылды.
Аталган демилге кесиптик бирликке мүчө болгон 500дөн ашык кызматкерди камтып, алардын ар бирине майрамдык таттуулар таратылды. Бул иш-чара кызматкерлердин социалдык колдоосун чыңдоого жана майрамдык маанай тартуулоого багытталган.
Окуу жайдын кесиптик бирлик комитети бардык кызматкерлерди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, ден соолук жана ийгиликтерди каалайт.
Жаңы комментарий кошуу