ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ: ОшМПУда адистерге коюлган талаптар талкууланды
31-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу факультеттин «Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, «Колдонмо математика жана информатика» адистиктеринин коомдогу ордун аныктоо, эмгек рыногунун талаптарын талкуулоо жана студенттердин кесиптик жоопкерчилигин арттыруу максатын көздөдү.
Саамалыкты кафедранын ардактуу окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кандалат Турдубаева жана кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Орозбаева ачып, аталган адистиктердин коомдогу маанисине токтолушту. Ошондой эле бул багытта эмгектенген адистерден жогорку кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана адамгерчилик талап кылынарын белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Иш берүүчүнүн көз карашы» аттуу интерактивдүү питчинг, «Ачык микрофон» жана анкета алуу форматтары уюштурулду. Анда келечектеги адистерге коюлган талаптар, кесиптик компетенттүүлүк жана билим берүү программаларын эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин өкүлү Г.К. Өмүрбекова бүтүрүүчүлөр жасалма интеллектти кесиптик ишмердүүлүгүндө туура колдоно билүүсү жана заманбап программаларды өздөштүрүшү зарыл экенин белгиледи.
Ал эми УТРКнын Ош телерадиокомпаниясынын өкүлү студенттерге иш жүзүндө колдонулган жаңы программаларды үйрөтүүнү сунуштап, билим берүү программаларына иш берүүчүлөр колдонгон программалык каражаттарды киргизүү зарылдыгына токтолду.
Ош технологиялык университетинин техника илимдеринин доктору, профессору Т.Т. Мойдунов аталган адистиктин бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун белгилеп, бүтүрүүчүлөр математикалык билим менен катар бир нече тилди билүүсү маанилүү экенин айтты.
№5 Ленин атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы А.К. Дыйканбаева айыл жергесинде математика жана информатика мугалимдерине суроо-талап жогору экенин белгилеп, жаш адистер мектептерге заманбап билимдерди жана санариптик платформаларды өздөштүрүп келиши керектигин билдирди.
Ошондой эле «АБанк» мекемесинин башкы адиси А.А. Кандыбаева студенттерге банкта өндүрүштүк практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап, өзүн жоопкерчиликтүү жана демилгелүү көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдү жумушка кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда иш берүүчүлөрдөн анкеталар алынып, алардын сунуш-пикирлери жыйынтыкталды. Бул пикирлер келечектеги адистерди даярдоодо билим берүү программаларын өркүндөтүүгө жана теориялык билимди практикалык талаптар менен айкалыштырууга өбөлгө түзөт.

Жаңы комментарий кошуу