Илим министри Гүлзат Исаматова ОшМПУда
КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.
Министрди университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат тосуп алып, билим берүү процесси, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана окуу жайдын материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат беришти.
Иш сапардын жүрүшүндө Гүлзат Исаматова университеттин билим берүү, илимий жана инновациялык багыттагы иштерине көңүл буруп, окуу корпустарын жана борборлордун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Ошондой эле заманбап технологияларды жана инновациялык программаларды колдонуу менен өткөрүлүп жаткан айрым сабактарга катышып, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган иштер менен таанышты.
Белгилей кетсек, министрдин Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында бир катар жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышуу каралган. Ош мамлекеттик педагогикалык университети да ошол окуу жайлардын катарында болду.
Жаңы комментарий кошуу