КЫТАЙДА ӨТҮП ЖАТКАН ЭЛ АРАЛЫК ОКУУ КУРСУНА ОшМПУдан ӨКҮЛДӨР КАТЫШУУДА
2026-жылдын 13–21-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарында жасалма интеллект жана санариптик билим берүү багытындагы эл аралык окуу курсу өтүп жатат.
Саамалык “Жасалма интеллекттин жардамы менен Борбордук Азиядагы билим берүү лидерлигин өнүктүрүү жана санариптик билим берүү тармагы менен байланыш түзүү” долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Эл аралык окуу курсун Ганьсу провинциясынын Билим берүү департаменти жана Түндүк-Батыш педагогикалык университети уюштуруп, ага Кыргызстандын жана Өзбекстандын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Аталган иш-чарага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен окуу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Абдибалиев жана мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн башчысы Жыпаргүл Шербаева да катышып жатышат.
Программанын алкагында жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, билим берүүнү санариптештирүү, жогорку жана мектептик билим берүүнү трансформациялоо, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, “акылдуу кампус” жана санариптик билим берүү багыттары боюнча лекциялар жана практикалык сабактар өткөрүлүүдө. Анын жүрүшүндө катышуучулар билим берүү тармагындагы заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашып, санариптик билим берүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууда.
Эл аралык окуу курсу Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүгө, заманбап санариптик технологияларды билим берүү процессине киргизүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Жаңы комментарий кошуу