Казакстанда Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин 15 жылдыгына арналган форум өтүүдө
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Аккредитация жана сапат бөлүмүнүн башчысы Уланбек Нажимидинов учурда Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин 15 жылдыгына арналган Х Борбордук Азия эл аралык билим берүүнүн сапатын камсыздоо форумуна катышып жатат.
Аталган форум Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жатат. Иш-чарага ENQA, EQAR жана WFME сыяктуу билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча алдыңы эл аралык тармактардын, ассоциациялардын өкүлдөрү, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Улуу Британия, Түркия, Молдова, Болгария жана башка өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери, эксперттери катышууда.
Форум “Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар доорунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу: жаңы горизонттор” темасында болуп, билим берүү багытында бир канча негизги маселелер каралууда. Саамалык 2-3-октябрь күндөрү уланат.
Жаңы комментарий кошуу