Окуу жайда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жолугушуу өттү

Ош мамлекетик педагогикалык университеттинде Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жолугушуу өткөрүлдү.

Мында кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун адистери студенттерге ВИЧ оорусу боюнча кеңири маалыматтарды берди. Ошондой эле өлкөдөгү, аймактардагы бул илдет менен ооруган жарандардын стастистикаларын көрсөтүштү. Мындан сырткары оорунун жугуу жолдору, коргонуу, алдын алуу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө суроо-жооптор уюштурулуп, студенттер кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.

Белгилей кетсек аталган иш-чара 2 күнгө созулуп, мында тиешелүү адистер 6 факультеттин жана колледждин студенттери менен жолугушкан. Саамалык 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ош облусунун СПИДге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борбору, окуу жай жетекчилиги тарабынан уюштурулган.