ОшМПУда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган тарбиялык-маданий иш-чара өткөрүлдү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына арналган “Алымбек датка жана анын доору” аттуу тарбиялык-маданий иш-чара уюштурулду.
Саамалык мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасынын окутуучусу Инаят Калыгулованын жетекчилиги менен 2-курс МЧ-24-1 тайпасынын студенттери тарабынан даярдалып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ага аталган кафедранын башчысы Меринса Нишанбаева баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту.
Иш – чара тарыхый сахналык көрүнүш менен ачылып, катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды. Мында кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Алымбек датканын өмүр жолу, мамлекеттик ишмердүүлүгү, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы орду жана эл үчүн кылган эмгеги кеңири баяндалды. Ошондой эле ыр-бийлер, көркөм окуулар менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.
Бул саамалык студенттердин улуттук тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдик сезимин бекемдеген маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.
Жаңы комментарий кошуу