ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРГА ЗАМАНБАП ОКУТУУ МЕТОДДОРУ ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде магистранттар үчүн “Азыркы заманбап окутуу методдору жана жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу” аталышында семинар уюштурулду.
Семинарды окуу жайдын математика жана компьютердик технологиялар факультетинин информатика жана жаңы маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучусу Айсырга Ырысбаева өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө STEM билим берүү концепциясы, долбоордук окутуу, проблемалык окутуу жана изилдөө ыкмасы сыяктуу заманбап педагогикалык методдор тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле бул ыкмаларды сабак өтүүдө колдонуу боюнча практикалык мисалдар көрсөтүлдү.
Мында магистранттарга сабакты кызыктуу жана интерактивдүү өткөрүү максатында STEM технологияларын колдонуу менен «Өсүмдүк кантип өсөт?» темасы мисал катары сунушталды. Бул мисал аркылуу окуучулардын изилдөө жүргүзүү, эксперимент жасоо, маалымат топтоо жана жыйынтык чыгаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн жолдору түшүндүрүлдү. Ал эми семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар жасалма интеллект куралдары менен иштөөнү үйрөнүп, аларды сабак даярдоодо колдонуу боюнча тажрыйба алышты.
Саамалык магистранттардын чоң кызыгуусун жаратып, алар заманбап билим берүү технологияларын колдонуу боюнча жаңы билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Жыйынтыгында катышуучулар замандын талабына жооп берген окутуу методдорун жана санариптик технологияларды колдонуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын белгилешти.
Белгилей кетсек аталган иш-чаранын негизги максаты – магистранттарды учурда билим берүү тармагында колдонулуп жаткан инновациялык педагогикалык методдор менен тааныштыруу жана жасалма интеллект технологияларын окуу процессинде пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болду.
Жаңы комментарий кошуу