ОшМПУда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын таланттары концерт койду
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестринин катышуусунда концерттик программа болуп өттү.
Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты, музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучулары жана студенттер катышты. Концерттин жүрүшүндө Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри урма, үйлөмө жана кылдуу чертме аспаптардын коштоосунда орус элинин салттуу музыкалык күүлөрүн аткарып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги өнөр тартуулашты.
Аталган музыкалык окуу жайдын таланттуу окутуучулары жана студенттери ар кыл элдик жана профессионалдык аспаптарда чеберчилик менен кол ойнотуп, түрдүү обон созушту. Концерт жандуу аудиториянын коштоосунда өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Белгилей кетсек, бул саамалык окуу жайлар аралык кызматташууну чыңдоо жана чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Жаңы комментарий кошуу