ОшМПУда Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгы менен жолугушуу өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара жаштар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог түзүү максатын көздөдү. Жолугушуунун негизги максаты - Ош шаарынын жана жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоо, студенттердин сунуш-пикирлерин угуу жана аларды ишке ашырууга өбөлгө түзүү болду.
Саамалыкты окуу жайдын мамлекеттик тил жана маданий иштер боюнча проректору Мунар Назымов ачып, катышуучуларга жолугушуунун маанисине токтолду. Ошондой эле ал Ош шаарынын мэриясынан келген конокторду студенттерге тааныштырды.
Аны улай Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов шаардык деңгээлде жаштар үчүн түзүлүп жаткан шарттар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыда пландалган иш-аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди. Суроо-жооп бөлүгүндө студенттер активдүүлүк көрсөтүп, өз ойлорун ачык айтып, сунуштарын жана пикирлерин ортого салышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында мындай форматтагы иш-чаралар мындан ары да улантылары айтылып, активдүү студенттер менен кызматташтыкты күчөтүү пландары белгиленди.
Жаңы комментарий кошуу