ОшМПУда ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА АЙЫМДАР ОРТОСУНДА РЕКТОРДУН КУБОГУ СТАРТ АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде спорттун тогуз коргоол түрү боюнча айымдар ортосунда ректордун кубогуна арналган мелдешке старт берилди.
Саамалык 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, ага ылайык бүгүн оюндун расмий ачылышы өткөрүлдү. Аталган мелдештин негизги максаты – мугалимдерди дене тарбиялык жана руханий жактан өнүктүрүү, спортко болгон кызыгуусун арттыруу, активдүү жашоо образын калыптандыруу жана факультеттер ортосундагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат.
Мелдеш Швейцариялык система боюнча жекече түрдө өткөрүлөт. Оюндар 8-мартка чейин уланат. Жыйынтыгында I, II жана III орундарды ээлеген оюнчулар окуу жай жетекчилиги тарабынан кубок, дипломдор, баалуу белектер жана атайын номинациялар боюнча сыйлыктар менен сыйланышат.
Жаңы комментарий кошуу