ОшМПУда Эл аралык мигранттар күнүнө карата семинар-тренинг болуп өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси п.и.к., доцент Г.Ж. Байышова “Миграциялык ресурстук борбору (МРБ) менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдү жумушту жайгаштыруу иштери боюнча кыргыз тили, орус тили, биология, химия, педагогика, англис тили адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттери менен “Ийкемдүү (социалдык) көндүмдөр” аталышындагы семинар-тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү.

Ага Австрия өлкөсүнөн келген Голда Мира Рома жана МРБнын жетекчиси Кеңешбек Жеңишбекович кызматкерлери менен катышты. Семинар-тренингди Г.Ж. Байышова ачып, келген коноктор менен тааныштырып, өтүлүүчү тренингдин максаты, программасы жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуу мезгилинде кандай көндүмдөрдү пайдалануу, укуктар жана милдеттери, тил табыша билүү ж.б. боюнча маалыматтарды берип өттү.

Голда Рома жана МРБнын жетекчиси Кеңешбек Жеңишбекович “Эл аралык мигранттар” күнү менен куттуктап, чет өлкөгө коопсуз жана мыйзамдуу баруу жолдору, иштөө, жашоо шарттары боюнча кеңири маалымат бере алышты.

Тренинг 3 модулдан туруп, ар бир модулда трейнерлер тарабынан видео-материалдар, кейс-сторилер, ролдук оюндар жана тайпаларда практикалык иштер жүргүзүлүп, студенттер реалдуу социалдык кырдаалдарды талдоого жана чечим кабыл алууга үйрөнүштү. Мындан сырткары коопсуз миграция боюнча брошюра буклеттер таркатылып, чет өлкөгө барып келген студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүштү жана студенттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

Семинар-тренингдин соңунда тренерлер — Гулнара Акылбекова, Нургүл Танаева жана Арзыкан Тиллебаева эл аралык деңгээлдеги тренер сертификаттары жана уюмдун атынан эстелик белектер менен сыйланышты. Катышуучулар жана уюштуруучулар тарабынан иш-чара жогору бааланып, мындай практикалык тренингдерди мындан ары да улантуу зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек аталган саамалык студенттердин баарлашуу маданиятын, командалык иштөө жөндөмдөрүн жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү аркылуу ийкемдүү социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу максатында миграциялык ресурстук борбордун Оштогу өкүлчүлүгү жана ОшМПУнун Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Гүлайым Байышова менен биргеликте уюштурулду.