ОшМПУда киберкоопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча форум өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Коопсуздуктун жаңы доору: киберкоопсуздук жана зордук-зомбулукка каршы күрөш” аталышында форум болуп өттү.
Саамалык ОшМПУ менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулуп, ага ИИМдин жана шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.
Расмий ачылышта университеттин мамлекеттик тил жана маданий иштер боюнча проректору Мунарбек Назымов сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө жаштардын коопсуздугун камсыздоо жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу учурдун маанилүү маселелеринин бири экенин белгиледи.
Андан соң пленардык бөлүктө бир катар баяндамалар жасалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын МККБнын тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Мелис Орозов жол коопсуздугу жана жол эрежелерин сактоо боюнча маалымат берди. Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү, милициянын подполковниги Ширин Расулов киберкоопсуздук, интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылыктардын алдын алуу маселелерине токтолду.
Мындан тышкары, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү, милициянын подполковниги Гүлмира Жапакова синтетикалык баңгизаттардын зыяндуулугу жана алардын алдын алуу жолдору тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, милициянын майору Залкарбек Буваев жана улук тескөөчү Венера Олмасова зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелерине токтолушту.
Форум суроо-жооп форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жыйын концерттик программа менен коштолду. Белгилей кетсек, аталган иш-чаранын максаты — жаштар арасында киберкоопсуздук маданиятын калыптандыруу, интернеттеги алдамчылыктын, зордук-зомбулуктун жана баңгизаттардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Жаңы комментарий кошуу