ОшМПУда кыргыз жана казак элдеринин маданий мурастары боюнча конок-лекция өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргыз жана казак элдеринин маданий мурастарынын өзгөчөлүктөрү” аталышында конок-лекция уюштурулду.
Иш-чаранын ардактуу коногу болуп Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Мухтар Ахат уулу Карибай катышты. Саамалык музыкалык-педагогикалык факультетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасынын демилгеси менен өткөрүлүп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, кафедранын окутуучулары жана студенттер катышышты.
Лекциянын жүрүшүндө кыргыз жана казак элдеринин тарыхый байланышы, руханий баалуулуктары, улуттук каада-салттары, маданий мурастары жана алардын бүгүнкү коомдогу орду тууралуу кеңири баяндама жасалды. Ошондой эле эки элдин маданиятындагы окшоштуктар менен өзгөчөлүктөр талкууланып, жаш муундарды улуттук нарк-насилге тарбиялоонун мааниси белгиленди.
Конок-лекциянын алкагында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мазмундуу пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай жолугушуу студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, маданий байланыштарды чыңдоого жана кыргыз-казак достук алакаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Соңунда факультет жамааты Мухтар Ахат уулу Карибайга ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Белгилей кетсек, аталган саамалык кафедранын усулдук бирикмесинин жетекчиси Нурмира Кожобекованын демилгеси жана уюштуруусу менен өткөрүлдү.
Жаңы комментарий кошуу