ОшМПУда магистранттардын бүтүрүү кечеси өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде магистратура бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу бүтүрүү кечеси өткөрүлүп, концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук жамааты, ата-энелер, коноктор жана магистранттар катышты. Салтанатты окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров ачып, магистрдик даражага ээ болуп жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Ал магистрдик даража чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, жаш адистердин өлкөнүн билим берүү тармагына татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө окууда, илимий изилдөө иштеринде, ошондой эле коомдук жана маданий иш-чараларда өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн бир катар бүтүрүүчүлөргө университеттин Ардак грамоталары тапшырылды. Кеченин көркүн магистранттар тарабынан даярдалган чыгармачылык программа ачты. Бүтүрүүчүлөр жандуу музыканын коштоосунда ырдап, музыкалык аспаптарда өнөр көрсөтүп, бий бийлеп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Бүтүрүү кечеси магистранттар үчүн билим жолундагы маанилүү этаптардын жыйынтыгын чыгарган өзгөчө күн болуп калды. Бул күн алардын студенттик өмүрүнүн эң жаркын барактарынын бири катары эсинде сакталып, жаңы кесиптик жетишкендиктерге жол ачкан символдук кадам болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылында университеттин магистратура бөлүмүн 125 бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктап, магистрдик даражага ээ болуу алдында турат.
Жаңы комментарий кошуу