ОшМПУда студенттер үчүн интеллектуалдык оюн уюштурулду

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттер үчүн эркин форматтагы интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Саамалык университеттин жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, иш-чара жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүү максатын көздөдү.

Интеллектуалдык оюн үч багыт боюнча өткөрүлдү. Алсак, Kahoot платформасында 20 суроодон турган тест уюштурулуп, анда студенттер өз билимдерин сынашты. Ошондой эле Quizizz платформасында дагы 20 суроо камтылган интеллектуалдык таймаш өттү. Мындан тышкары, катышуучулар арасында кызыктуу форматтагы “Ким миллионер болгусу келет?” аттуу оюн өткөрүлүп, анда студенттер логикалык жана жалпы билимге байланышкан суроолорго жооп беришти.

Ар бир этаптын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен студенттер аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана таттуу белектер тапшырылды. Мелдеш студенттер арасында жогорку кызыгууну жаратып, алардын билим деңгээлин сынап көрүүгө жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.