ОшМПУда Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу менен жолугушуу өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуган өзбекстандык студенттер менен Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Азамат Болтаев жана консулдуктун студенттер бөлүмүн жетектеген адис Исроил Хомиджонов, окуу жайдын мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштешүү бөлүмүнүн башкы адиси Омарбек Мажитов, студенттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин документ иштери, чек-ара маселелерине байланыштуу көйгөйлөрү, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси, Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү мыйзамдар жана виза маселелери кеңири талкууланды.
Мында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ой-пикирлерин билдиришти. Консулдуктун өкүлдөрү ар бир маселе боюнча түшүндүрмө берип, мыйзам чегинде чечүү жолдору тууралуу маалымат беришти.
Бул сыяктуу жолугушуулар чет өлкөлүк студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, окуу процессинде жаралган маселелерди ыкчам чечүүгө жана эки тараптуу кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

Жаңы комментарий кошуу