ОшМПУда өтүп жаткан орус тили боюнча эл аралык билим берүү долбоору жыйынтыкталды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Россиянын Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте уюштурулган орус тили боюнча эл аралык билим берүү долбоору жыйынтыкталды.
Иш-чарага орус тилин үйрөнүүгө кызыккан студенттер катышып, программа жалпысынан беш күнгө созулду. Анын алкагында филология илимдеринин кандидаттары, орус тили, теориялык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын доценттери Татьяна Капишева жана Юлия Фомина тарабынан “Россиянын музейлери”, “Славян жазмасы жана маданияты күнү”, “Билим берүүдө жасалма интеллект менен мобилдик тиркемелердин ролу” аттуу интерактивдүү лекциялар жана коммуникативдик тренингдер өткөрүлдү.
Мындан тышкары программа оюндар, чыгармачыл долбоорлор жана практикалык тапшырмалар менен коштолду. Катышуучулар орус тилин заманбап технологиялар аркылуу окутуу, интерактивдүү жана коммуникативдик методдорду колдонуу, виртуалдык экскурсияларды уюштуруу, жасалма интеллект аркылуу сабак даярдоо, мобилдик тиркемелер менен иштөө, онлайн жана аралыктан окутуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.
Саамалыктын соңунда 20 студент жыйынтыктоочу эссесин коргоп, атайын сертификаттарга ээ болушту.
Белгилей кетсек, долбоордун негизги максаты — келечектеги орус тили мугалимдерин колдоо, алардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, орус тили менен маданиятын жайылтуу жана Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо болуп саналат.
Жаңы комментарий кошуу