ОшМПУда “Дүйнө элдеринин маданий кербени” аттуу сынак өткөрүлдү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде 2-курстар аралык маданий-чыгармачылык сынак өттү.
Иш-чара “Дүйнө элдеринин маданий кербени” аталышында болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында өттү.
Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өздөрү тандап алган өлкөнүн тилинде чыгармачылык менен саламдашып, алардын маданий өзгөчөлүктөрүн сахналаштырып көрсөтүштү. Ошондой эле улуттук ыр-бийлер аткарылып, каада-салттар тааныштырылып, түрдүү элдердин улуттук кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулду.
Мындан сырткары, кеченин алкагында жарманке уюштурулуп, анда дүйнө элдерине таандык улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк буюмдары жана ар кандай маданий өзгөчөлүктөр сунушталды.
Белгилей кетсек, аталган саамалыктын башкы максаты – дүйнө элдеринин маданиятын, каада-салтын жана тилин таанытуу менен студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, ошондой эле улуттар аралык достукту бекемдөө болуп саналат.
Жаңы комментарий кошуу