ОшМПУда 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленип, майрамдык кече өттү.

Ага университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышты. Окуу жайдын Айымдар кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чарада жалпы мырзаларга өзгөчө маанай тартууланып, жылуу куттуктоолор айтылды.

Салтка айланган бул саамалык быйыл да жогорку деңгээлде уюштурулуп, мында окутуучу айымдар тарабынан даярдалган шаңдуу концерттик программа көрүүчүлөргө сунушталды. Кеченин алгачкы бөлүгүндө таланттуу студенттер менен эжекелердин аткаруусунда обондуу ырлар, бийлер жана музыкалык номерлер коюлуп, залда майрамдык шаң өкүм сүрдү.

Мындан сырткары, агайлар үчүн уюштурулган кызыктуу жана күтүүсүз оюн кеченин көркүн ого бетер ачты. Анда катышуучулар кичине кыздардын чачын өрүү боюнча өз өнөрлөрүн сынап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Иш-чаранын алкагында окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окутуучу агайлар, кызматкерлер жана окууда өзгөчө жетишкендиктерге жетишкен үлгүлүү студенттер сыйланышты. Окуу жай жетекчилиги жана Айымдар кеңеши тарабынан Ардак грамоталар тапшырылып, университеттин кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Жалпы мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар майрамы менен чын дилден куттуктайбыз!