ОшМПУнун Аялдар кеңеши студенттик жатаканадагы абалды көзөмөлдөдү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Аялдар кеңешинин курамы студенттердин жатаканасында кечки убакта көзөмөлдөө иш-чарасын өткөрүштү.
Саамалыктын негизги максаты — жатаканадагы ички тартиптин сакталышын, студент кыздардын коопсуздугун, жашоо шарттарын жана моралдык-психологиялык абалын жеринен көрүп, алардын көйгөйлөрү жана муктаждыктары тууралуу кабар алуу.
Кечки убакыттын тандалышы студенттердин сабактан кийинки бош убактысын кандай өткөрүп жатканын, жатаканадагы күнүмдүк тартиптин сакталышын жана жашоо шарттарын жакындан байкоого мүмкүнчүлүк берди.
“Аялдар кеңеши тарабынан студенттердин тартиби, жүрүм-туруму жана тарбиясы боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп келет. Мындай көзөмөлдөө иш-чараларынын негизги максаты студенттерди жазалоо эмес, тескерисинче, аларга туура багыт берүү, көйгөйлөрүн угуу, зарыл учурда колдоо көрсөтүү жана коопсуз, жагымдуу чөйрөнү камсыз кылууга көмөктөшүү болуп саналат”-дейт Аялдар кеңешинин төрайымы Гульчехра Токтосунова.
Көзөмөлдөө учурунда жатаканада тазалык, тынчтык жана ички тартип сакталгандыгы белгиленип, студент кыздардын сабактарына даярданып, убактысын пайдалуу өткөрүп жатканына күбө болушту. Аялдар кеңеши студенттердин коопсуздугун, социалдык жана психологиялык абалын көзөмөлдөө багытындагы иштерди мындан ары да улантат.
Жаңы комментарий кошуу