ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНДЕ АНГЛИС ТИЛИ ЖУМАЛЫГЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган англис тили жумалыгы өткөрүлдү.
Иш-чара 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өтүп, жумалыктын алгачкы күнү Англиянын атрибуттары менен жасалгаланган,салттуу музыкасы жаңырган фойеде салтанаттуу ачылышы болду. Анда окутуучулар , студенттер менен биргеликте кызыктуу сурамжылоого катышып,жагымдуу маанай тартууланды.
Андан соң кафедранын англис тили мугалими, тренер Нуркыз Заирова “Smart teaching and building a positive learning environment” темасында мугалимдер үчүн мазмундуу тренинг өттү. Тренингде заманбап окутуу ыкмалары, сабакта жагымдуу психологиялык чөйрө түзүү жолдору жана студенттердин мотивациясын арттыруу ыкмалары талкууланды.
Жумалыктын алкагында ачык сабактар жана демонстрациялык сабактар өткөрүлүп, мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Конок-лекциялар уюштурулуп, чет тилин окутуунун инновациялык ыкмалары боюнча ОшМУнун эл аралык колледжинин 10 окутуучусу келип лекция жана 1-2-курстарга ачык сабактарды өтүү менен пикир алмашуулар болду.
Ошондой эле “English Movie & Quiz” иш-чарасында катышуучулар англис тилиндеги тасманы көрүп, викториналык суроолорго жооп беришти. Ал эми “Quest Game: Pronounce It Right – Shine Bright” интеллектуалдык оюнунда студенттер туура сүйлөө, ылдам ой жүгүртүү жана командалык иш жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.
Бул менен бирге " Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун!" аталыштагы фестиваль уюштурулуп, ар улуттун тили жана маданияты даңазаланды. Мында англис тилдүү өлкөлөрдүн символдору, желектери жана маданий элементтери менен атайын бурч уюштурулуп, катышуучулар үчүн кызыктуу фото-зона даярдалды.
Саамалык “Final Concert & Awards” аземи менен жыйынтыкталып, анда иш-чаранын алкагында активдүү катышкан студенттер жана тайпалар сыйланышты. Аталган англис тили жумалыгы студенттердин тилге болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүп, жамааттын ынтымагын бекемдеген маанилүү иш-чаралардын бири болду.

Жаңы комментарий кошуу