ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ МОСКВАДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШТЫ

18 – 20 – ноябрь күндөрү Россиянын Москва шаарында “Учу Великому” аттуу Эл аралык орус тили форуму өткөрүлдү.

Ага Шри – Ланка, Индонезия, Тунис, Куба, Белоруссия, Казахстан, Осетия сыяктуу 17 мамлекеттен келген 150 орус тили мугалимдери катышты. Катарда Кыргызстандан барган катышуучулардын арасында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары да бар. Алар колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары Гульсара Сарыбашева, Бүгалча Чалабаева, Кыргыз – Россия факультетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Шайыргүл Жаныбекова жана Миргүл Жусупбаева.

Саамалык Россиянын билим берүү программасынын алкагында чет элдик орус тили жана адабияты мугалимдерине колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бир катар өлкөлөрдө, атап айтсак Индия, Тунис, Армения, Тажикстан жана Узбекстан мамлекеттеринде орус тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алышты. Ошондой эле “Билим берүүдөгү орус тилин окутуу системасынын орду жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө” темасынын алкагында дискуссия болуп өттү. Мында окутуучулар көп улуттуу эл жашаган аймактарда орус тилин окутуунун жаштар үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

19-ноябрь күнү форумдун катышуучулары Москва шаарындагы музей жана атактуу кызыл аянт менен жакындан таанышып, Манежде уюштурулган Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган “Великая победа. Россия - моя история” аттуу көргөзмөгө күбө болушту. Бул менен бирге Россиянын жана Белоруссиянын музейлеринен жана архивдеринен алынып келинген уникалдуу 700 экспонаттар менен таанышып чыгышты

Ал эми 20-ноябрь күнү мугалимдер орус тилин өнүктүрүү боюнча ар түрдүү маселелерди талкуулашып, идеяларды бөлүшүп, аталган форум педагогдордун тажрыйба алмашуусу үчүн мыкты аянтча болуп берди.