ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ФОРУМГА КАТЫШТЫ

2026-жылдын 17-июнунда Ош технологиялык университетинде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга арналган эл аралык илимий-изилдөө форуму өткөрүлдү.

Форумга Европа, Түркия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышып, билим берүү, илим, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча пикир алышышты.

Аталган саамалыкка Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору Равшан Абсатаров, математика жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы Венера Исакова жана жогорку математика жана математиканы окутуунун усулу кафедрасынын магистри, аспирант Анара Иматали кызы катышты.

Форумдун жүрүшүндө Равшан Абсатаров “Туруктуу өнүгүү максаттарын келечектеги педагогдорду даярдоо программаларына интеграциялоо” темасында баяндама жасап, университетте жүргүзүлүп жаткан иштер, билим берүү процессинде ТӨМ принциптерин жайылтуу жана келечек муундарды туруктуу өнүгүү багытында тарбиялоо боюнча тажрыйбалар тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында суроо-жооп жана талкуулар уюштурулуп, илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча макулдашуулар жүрдү.