ОшМПУнун ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН БАЛДАРЫНА АРНАЛГАН БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эмгек жамаатынын жаш балдарына арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Саамалык окуу жайдын жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда өттү. Кечеге университетте эмгектенген окутуучулардын жана кызматкерлердин 2 жаштан 6 жашка чейинки балдары ата-энелери менен бирге катышты.
Ага ылайык университеттин ректору Бекмурза Зулуев бөбөктөрдү жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жаркын келечек каалады. Иш-чаранын жүрүшүндө аяз ата, аяз кыз жана түрдүү жомок каармандарынын катышуусунда кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, таланттуу жаштардын ыр-бийлери тартууланды. Бөбөктөргө шаң тартуулаган бул кече жылуу маанайда уланды.
Соңунда окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан бардык бөбөктөргө аяз атанын белектери тапшырылды. Белгилей кетсек, бөбөктөргө арналган аталган балаты майрамы ОшМПУда салтка айланып, жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.
Жаңы комментарий кошуу