ОшМПУнун гуманитардык факультетинде конок-лекция өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде окутуучуларга арналган конок-лекция уюштурулду.
Лекциянын коногу Ош мамлекеттик университетинин филология жана эл аралык коммуникация институтунун окутуучусу, «Лингва» инновациялык билим берүү борборунун тренери, педагогика илимдеринин кандидаты Бурулча Койлубаева болду. Ал гуманитардык факультетинин англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына “Applying Differentiated Instruction in Teaching English” темасында лекция окуду.
Иш-чаранын жүрүшүндө англис тилин окутууда дифференцияланган окутууну колдонуу жолдору, заманбап усулдар жана инновациялык ыкмаларды сабакта натыйжалуу пайдалануу маселелери кеңири талкууланды. Ошондой эле интерактивдүү технологияларды колдонуу, студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү, окутуучунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу маалыматтар берилди. Эл аралык тажрыйбаларды билим берүү процессине интеграциялоо маселеси да көңүл борборунда болду.
Саамалык суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өтүп, катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Иш-чара профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзүп, келечектеги кызматташтыкты чыңдоого багытталды.
Жаңы комментарий кошуу