ОшМПУнун колледжинде Ленинград мамлекеттик университетинин өкүлдөрү менен конференция өттү.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде А. С. Пушкин атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, анын ичинде педагогика жана логопедия багытындагы профилдик түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен конференция болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө логопедияны окуу дисциплинасы катары киргизүү, бул тармактагы адистердин билимин жогорулатуу жана анын зарылдыгы айтыл, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү талкууланды.
Жыйынтыгында ЛГУ тарабынан биздин окутуучуларды даярдоо боюнча окутуу программасын өткөрүүгө даяр экендигин айтып, бул окутуу программасы кеминде бир жылга созулары жана окутуунун жыйынтыгында катышуучулар логопедия багыты боюнча квалификациясын тастыктаган диплом алышары айтылды.
Белгилей кетсек конференция окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кызматташтык алакасын чыңдоо максатында колледждин мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Жаңы комментарий кошуу