ОшМПУнун колледжинде Этно-STEM боюнча семинар өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде "Этно-STEM технологиясы - мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүндөгү жаңы этап" аталышында семинар өткөрүлдү.

Иш-чара колледждин мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мында күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө окуган студенттерге заманбап стандарттар боюнча кеңири маалыматтар берилди. Алгач семинардын теориялык бөлүгүндө аталган кафедранын башчысы Меринса Нишанбаева мектепке чейинки билим берүүдөгү жаңы стандарттардын мазмунун түшүндүрүп, мурдагы жана азыркы стандарттардын негизги айырмачылыктарын салыштырып берди.

Семинардын негизги баяндамчыларынын бири — Ош шаарындагы №62 “Каныкей” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Кыял Сатыбалдиева болду. Ал катышуучуларга этно-STEMдин бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, бала бакчада этно-системди уюштуруунун өз тажрыйбаларын бөлүштү. Баяндаманын жүрүшүндө слайддар жана видеороликтер көрсөтүлүп, табияттын кооздугун таанып-билүү, балдарды жаратылышка жакындатуу жана зарыл турмуштук маалыматтарды үйрөтүү маанилүүлүгү белгиленди.

Кыял Сатыбалдиева балдардын коопсуздугун камсыздоодогу тарбиячылардын ролуна токтолуп, зоопаркка экскурсия уюштуруу, жаныбарлар дүйнөсү менен тааныштыруу сыяктуу жандуу мисалдарды келтирди. Анын айтымында, мындай иш-чаралар балдардын акыл-эси, ой жүгүртүүсү жана таанып-билүү жөндөмдөрүнүн өсүүсүнө чоң салым кошот. Баяндамадан кийин студенттер менен суроо-жооп форматында талкуу уюштурулуп, кызыктуу фактылар менен ой бөлүштү.

Саамалыктын экинчи бөлүгүндө катышуучулар төрт топко бөлүнүп, кафедранын окутуучулары тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү. Студенттер практикалык тапшырмалар аркылуу этно-STEMдин ыкмаларын өздөштүрүп, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Соңунда кафедра башчысы Меринса Нишанбаева семинарды өтүп берген Кыял Сатыбалдиевага ыраазычылык билдирип, катышуучуларга активдүүлүгү үчүн ыраазы болду. Студенттер да көптөгөн маалымат алганы жөнүндө пикирлерин айтышып, иш-чараны уюштурган кафедранын эмгек жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.